Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 13 Август, 2010 13:14 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Расмийлер БУУнун маалыматын төгүндөдү
 
Өлкөнүн баш прокуратурасы БУУнун адам укуктары боюнча баш комиссарынын 20-июлда Женевадагы кайрылуусунда айтылган маалыматтарды төгүндөдү.

Кайрылууда Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийин миңден ашуун адам эч негизи жок камакка алынып, кыйноолорго дуушар болгону айтылган. Ошондой эле, комиссар кыйноолорго жалаң гана өзбек улутундагылары туш болуп, күч органдары улуттук жектөөнүн негизинде иш алып барып жатканын белгилеген.

Өлкөнүн баш прокуратурасы, бул маалыматтарды төгүндөп, БУУга мындай маалыматтарды бергендер, бул кадыр-барктуу уюмду уятка калтырганын билдирди. Аталган орган айтылгандарды жокко чыгаруу үчүн, буга чейин айтылбай келген бир катар фактыларды ачыктады.

Сумар Насиза, баш прокуратура башкармалыгынын жетекчиси:
-“Камакка алынгандардын бардык саны, 7-августка карата алынган маалымат боюнча, 243 адам. Анын 29у кыргыз, 213ү өзбек, бирөө башка улуттан. Ушул тапта дайынсыз жоголгондордун саны 44, алардын 32си кыргыз, 12си өзбек.

Бүгүнкү күндө расмий катталган 368 адамдын сөөгү табылган. Анын 309унун ким экени таанылды. Алардын ичинен 93ү кыргыз, 204ү өзбек, бир адам башка улуттан. 59 адам дагы деле тааныла элек”.

Өлкөнүн баш прокуратурасы түштүктөгү тополондор боюнча чындыкка коошпогон маалыматтардын таратылып жатышы, абалды ого бетер курчутуп жатканын белгилеп, медиа өкүлдөрүн, эл аралык коомчулукту калыстыкка чакырды.

Июнь окуяларынан кийин бир катар эл аралык басылмаларда үрөй учурган эсепсиз макалалар жарык көргөн. Көп учурда ал маалыматтар тастыкталбай, макала авторлоруна же басылмага расмий айып тагылган учурлар да болгон.

Бирок, мындай материалдардын көпчүлүгү өлкөдөн сырт жарыяланып келгендиктен, кандайдыр бир чара көрүүгө мүмкүн болбой жатканын укук коргоо органдары белгилеп келишет.

Айрым байкоочулар, бир жактуу маалыматтар эл аралык уюмдарды да адаштырып, туура эмес баа берилип калган учурлар бар экенин айтып жүрүшөт.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат